Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коронавирустан каза тапты

Автор -

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу анын жакындарына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анда Жыпар Жекшеев Улуттук госпиталда коронавирустан дарыланып жаткандыгы, 21-июлга караган түнү көз жумганы айтылат.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекетиндеги демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшкө бараандуу салымын кошкон атуул, “Ашардын” жана КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер болгон.

Маркумдун 2017-2019-жылдары КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеген.