Учурда өлкөдө кычкылтек концентраты менен ИВЛ жетиштүү

Автор -

Учурда Кыргызстанда кычкылтек концентратына, ИВЛ аппаратына болгон көйгөй жок. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги республика боюнча 2250 кычкылтек концентраты зарыл экенин айткан.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги медицина мекемелеринде 3041 кычкылтек концентраты иштетилип жатат. Бизде кычкылтек концентратына жана ИВЛ аппаратына болгон көйгөй жок, бардыгы жетиштүү. Ар бир айылдын ФАПтарына кычкылтек концентратын коелу деп пландап жатабыз», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында жакынкы күндөрү Кытайдан бардыгы болуп дагы 500 кычкылтек концентраты келе турганы күтүлүүдө. Буга чейин Кытайдан 1500 даана кычкылтек концентраты алынып келинген.

Бөлүшүү