Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Каныш-Кыя айыл аймагынын 1959-жылкы тургуну 15-июлдан бери дайынсыз кеткен. Туугандары 19-июль күнү милицияга кайрылышкан. 21-июль күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын №81 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси Чаткал дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.