Ош облусунун Кара-Суу районунда өспүрүмгө чагылган тийип, ал каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, табигат кырсыгынын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган эркек бала каза болгон.
21-июлда Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча 18:45те күндүн күркүрөшү башталып 21:40ка чейин уланган. Буга чейин «Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт» деп берилген.