Россияда кыргыз жарандары кичине баланы сактап калышты

Автор -
277

Россиянын Подольск шаарында жашап, иштеген кыргыз жарандары көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен 4 жаштагы баланы аман алып калышты. Бул тууралуу «Московский комсомолец» гезити жазды.

«20-июлда шаардын Ульяновск көчөсүндөгү №19 үйдүн үчүнчү кабаттагы батиринин терезесине төрт жаштагы бала асылып калган. Ошол учурда жакын жерде чөп оруп жаткан кыргызстандык жарандар жардамга келишкен», — деп айтылат маалыматта.

Мекендештер чөп ташуучу тентти тосуп, баланы ошону менен тосуп алышкан. Бала эч кандай жаракат алган эмес. Окуядан 3-4 мүнөт өткөн соң тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаалар келген. Ал арада батирде баланын апасы мас абалда болгону, майып чоң энеси жана бир жаштагы наристе бар экени аныкталган.