COVID-19 илдетине каршы эмдөө 2021-жылы гана башталары айтылды

Автор -

COVID-19 илдетине каршы эмдөө 2021-жылдан эрте башталбайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдиргенин дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы эмдөөнү баштоо препарат менен камсыз болуу убактысына дагы көз каранды.

«Адамдарга эмдөөнү баштоо кийинки жылдын биринчи жарымынан эрте башталбашы мүмкүн. Вакцинаны иштеп чыгууда жылыштар бар, бирок дары-дармектер менен толук камсыз болууга убакыт керек», — деген Майкл Райан.

Ошону менен дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму препараттарды баарына жеткиликтүү кылууга ниеттенүүдө.

«Вакцина байлар үчүн эле эмес, ал баары үчүн бирдей», — деп кошумчалаган Майкл Райан.

21-июлда Орусиянын түз инфестициялоо фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев Орусияда коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө өндүрүү август айында башталарын маалымдаган.