23-июлга карата COVID-19 U07.1 жана U07.2 дагы 967 адамдан аныкталды, алардын 238инде коронавирус лабораториялык жактан тастыкталса, калган 729 адам пневмония менен кайрылган. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек — 202
Ош – 100
Чүй облусу – 94
Ош облусу — 136
Талас облусу — 36
Нарын облусу – 41
Ысык-Көл облусу – 138
Жалал-Абад облусу – 157
Баткен облусу — 63
Өлкө боюнча жалпы 30 миң 326 адам коронавируска (пневмонияны кошкондо) чалдыкты. Айыгып чыккандар — 16 791. Каза тапкандар — 1169.