Жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине жарыяланган «Кыргызстан COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээледи» деген макалага байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү жасады.
Белгилүү болгондой, тиешелүү кызматтар лабораториялык жактан тастыкталган (U07.1) жана клиникалык, эпидемиологиялык жактан тастыкталган (U07.2) COVID-19 илдети боюнча статистиканы бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган.
«Статистикалык маалыматтардын бириктирилгендигине байланыштуу 17-июлда автоматтык түрдө 10 миң 995 учур кошулду. Бул сандар эл аралык эсептегичтерге оорунун жана өлүмдүн жаңы учурлары катары кошулуп калды. Айрым мамлекеттердин өкмөтү дагы ушундай кадамдарга барышканда, аларда да статистика жогорулап кеткен.
Саламаттыкты сактоо министрлиги New York Times басылмасынын COVID-19 илдети боюнча картасын карап чыкты.
Аталган басылманын картасында Кыргыз Республикасы акыркы 7 күндүн ичинде катталган жаңы учурларды эске алганда биринчи орунда турат. Маалыматтардын туура чагылдырылышы үчүн министрлик статистика жаңыртылгандан бир аптадан кийин ошол сайтка дагы бир кирип, карап коюуну сунуштайт.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун күнүмдүк отчётуна ылайык, Кыргызстан COVID-19 илдетинен каза болгондор боюнча 62-орунда (формуланы колдонуу менен каза болгондордун саны COVID-19 аныкталган адамдардын жалпы санына бөлүнөт жана көбөйтүлөт) турат. Эгерде биз 1 миллион калкка эсептөө формуласын колдонсок, анда өлкөбүз 30-орунда болот (https://www.worldometers.info/coronavirus/).
Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги амбулатордук негизде дарыланган жана дарыланып жаткан бейтаптарды эсептейт, ошондуктан өлүмдүн деңгээли так аныкталат.
Жарандар арасында пайда болуп жаткан дүрбөлөңгө байланыштуу, биз дагы бир жолу ЖМКларды маалыматтарды туура чечмелөөгө чакырабыз, мисалы, биринчи учур катталган күн, жалпы калктын санына же иштин санына жана экономикалык өнүгүү сыяктуу айрым көрсөткүчтөрдүн салыштырмалуулугу эске алынат», — деп айтылат маалыматта.