«Семетей» госпиталында канча бош орун бар экени айтылды

Автор -

«Семетей» госпиталындагы жандандыруу бөлүмүнөн 6 бейтап абалы турукташып, корпустардагы орундуктарга которулду. Бул тууралуу аталган госпиталдын (мурдагы «Ганси» авиабазасы) башкы дарыгери Кутман Мурзакалыковго таянып, ӨКМден билдиришти.

«23-июль күнү жандандыруу бөлүмүнөн алты бейтаптын абалы турукташып, госпиталдагы корпустарга которулду. Ал эми кечээ жалпысынан «Семетей» госпиталынан 27 бейтап айыгып чыкты», -деди ал.

Кошумчалай кетсек, 23-июлга карата «Семетей» госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 115де бейтаптар дарыланып жатат, калган 485 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 27 оор абалдагы бейтап бар, калган 23 орундук бош.