Сузактагы бир тууган агасынан көз жарган 16 жаштагы окуучу кыз ымыркайдан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматы маалымдады, деп жазат 24.kg.
Маалыматка караганда, учурда наристени таежеси карап жатат.
Алдын ала белгилүү болгондой, кыздын толгоосу башталганда агасы Сузактагы Октябрь аймактык ооруканага сокур ичегиси ооруп жатат деп алып келген. Ал жакта кабыл албай койгондон кийин шаардык төрөтканага барып 3 кг салмактагы наристе төрөгөн. Буга чейин анын кош бойлуу экендигин эч ким билген эмес.
«Окуучу кызды 2000-жылы туулган бир тууган байкеси 2019-жылдын октябрь айында мас абалында келип зордуктаган. Сузак райондук соту 18-июлда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, кыздын апасы мындан эки жыл мурун Орусияга иштегени кеткен. Ал эми сегиз бир тууган атасынын кароосунда болушкан.