Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетинен 42 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек – 9
Ош шаары — 9
Чүй облусу – 9
Ош облусу – 3
Талас облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу – 4
Коронавирус илдети өлкөдө алгачкы катталган учурдан тартып, жалпы 1 211 адам анын курмандыгы болду. Жалпы жуктургандардын саны — 31 247. Айыгып чыккандар — 18 038, анын ичинен 1234 адам — медкызматкерлер.