Россиядан келген медиктер аймактардагы бейтаптарды дарылоого катышышат

Автор -

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Россиядан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Россиялык делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элдери ортосундагы чыныгы достук жана бир туугандык мамилелердин далили катары саналат жана ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19 каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россия Федерациясынын Кыргыз Респуликасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.