Азимжан Аскаров түрмөдө каза тапты. Андан пневмония аныкталды

Автор -

Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу 24.kg сайтына анын жактоочусу Валерьян Вахитов билдирген.

Жактоочунун айтымында, Азимжан Аскаров бүгүн түндө № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою катуу ооруп жүргөн жана андан пневмония оорусунун белгилери дагы аныкталган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөсүн моюнуна албай келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү