Сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы 877 учур катталды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын саны 877 болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.

Бишкек — 257
Ош – 60
Чүй облусу – 71
Ош облусу — 119
Талас облусу — 79
Нарын облусу – 20
Ысык-Көл облусу – 122
Жалал-Абад облусу – 91
Баткен облусу — 58

Март айынан бери коронавирусту жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталган адамдардын саны 32 миң 124ге жетти. Алардын ичинен 19 миң 203 киши айыкты.