Өкмөт: Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок

Автор -

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, министр ооруканадан чыгып, аралыктан иштеп жатат.  Жакынкы күндөрү ишке чыгат.

Эскерте кетсек, министрдин жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жатканын Саламаттык сактоо министрлиги 9-июлда расмий билдирген. Алар Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатышкан. Жакында эле соцтармактарда айрым интернет колдонуучулар министрдин ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетүү арызын жазганы тууралуу айтып чыгышкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү