Өлкөдө коронавирус курмандыктарынын саны бир миң үч жүздөн ашты

Автор -

Сутка ичинде пневмонияны эске алганда COVID-19 илдетинен 24 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек – 6
Ош шаары — 1
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 1
Талас облусу – 3
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 4
Жалал-Абад облусу – 6
Баткен облусу – 1

Март айынан бери вирустан Кыргызстанда 1 301 адам каза тапты. Жуктуруп алгандардын жалпы саны — 33 296. Айыгып чыккандар — 21 205.