Кыргызстанда сутка ичинде 548 адамдан коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 түрүнүн жаңы 548 учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек — 139
Ош – 33
Чүй облусу – 36
Ош облусу — 65
Талас облусу – 30
Нарын облусу – 36
Ысык-Көл облусу – 83
Жалал-Абад облусу – 101
Баткен облусу — 25

Инфекция жуктургандардын жалпы саны 33 844 адамга жетти. Алардын ичинен 16 017 адамдын коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан такталган, ал эми 17 827 адам пневмония менен кайрылган.

Бөлүшүү