Он жылдан бери издөөдө жүргөн аял Москвадан табылды

Автор -
617

Он жылдан бери алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүүгө 2010-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган.

«Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлдөрү Москва шаарынын милиция кызматкерлери менен биргеликте 1970-жылы туулган Баткен облусунун тургуну К.Д. аттуу аялдын жашаган жерин аныкташкан. Аны колго түшүргөн соң Кыргызстанга алып келишти», — деп айтылат маалыматта.