Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун UFC уюмундагы чемпиондук наамды коргоо үчүн Жастин Гэтжи менен беттеши 24-октябрга белгиленди. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Дана Уайт CNN маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.
Америкалык Жастин Гэтжи 9-майда Жексонвилле шаарында (АКШ) мекендеши Тони Фергюсонду мөөнөтүнөн мурда нокаут менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону болгон.
«Хабиб менен Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Хабиб акыркы маалда оор тагдырды башынан кечирип жатат. Ал эң жакын адамы болгон атасын жоготту», — дейт Уайт.
Бирок UFC башчысы таймаш кайсыл жерде өтөрүн ачыктаган жок. Буга чейин эки мушкер сентябрь айында Абу-Дабиде кезигери айтылган.
31 жаштагы Жастин Гэтжи аралаш мушташ спортунда 24 беттешке чыгып, 22син утуп, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын атаандашы Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 ирет октагонго чыгып, баарында жеңүүчү болгон.