Караколдо коомдук транспорт өз ишин жандантат. Мындай чечимди коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү штабы кабыл алды, деп билдиришет шаардык мэриядан.
Кечээ штабдын отурумунда шаар ичинде коомдук транспорттун ишин жандандыруу маселеси көтөрүлгөн. Көбү демилгени колдоп, бирок транспорттун ичинде сөзсүз беткапчан отуруу шартын коюшкан.
«Эл көп жүргөн жерлерде, мисалы коомдук транспортто же дүкөндө маска кийүү адамды вирустардан коргойт», — деп берилет маалыматта.