Акыркы суткада 17 адам коронавирустан каза тапты

Автор -

Акыркы суткада коронавирустан бир жана коронавирустук пневмониядан 16 адам каза тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Бишкек – 9
Чүй облусу – 2
Нарын облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 4

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан каза тапкандардын жалпы саны 1 364 адамга жетти. Алардын ичинен 244 адам COVID-19 илдетинен көз жумса, 1 120 адам коронавирус пайда кылган пневмониядан айыга албай калган.

Бөлүшүү