Бүгүн өлкөдө коронавирус курмандыктарына аза күтүлөт

Автор -

Бүгүн, 30-июль Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү. Бул күнү мамлекеттик желек өлкөнүн бардык аймагында жана чет өлкөлүк элчиликтерде түшүрүлөт.

Мындан тышкары, маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларда оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөр токтотулат.

27-июлда президент Сооронбай Жээнбеков 30-июль өлкөдө коронавирустан каза болгондор үчүн Улуттук аза күтүү күнү деген жарлыкка кол койгон.

Өлкөдө март айынан бери коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 347 адам каза болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү