Борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги орнотулат

Автор -

Борбор калаанын чок ортосуна Бишкек баатырдын эстелиги орнотулмакчы. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Шаар пандемиянын шартында өзгөрүүнү жана өнүгүүнү улантууда. Шаардыктар калаанын борборунда азыркы учурда «Жылдыздар согушун» эске сала турган кандай объект курулуп жатат деген суроолорду беришүүдө. Бул скульптуралык композиция Бишкек баатырдын эстелиги. «Бишкек башкы архитектура» ишканасы 2019-жылы өткөргөн мыкты долбоор ачык сынагынын жеңүүчүсү скульптор Адил Сейталиевдин эмгеги. Дал ушул эмгеги менен ал сынакта жеңүүчү аталган.

Азыркы учурда Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде эстеликтин алдына пайдубал даярдалып, «Бишкек башкы архитектуранын» кызматкерлери тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат. Бишкек баатырдын колодон айкелин орнотуу иши демилгечилер «Бишкек баатыр» коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Эстеликтин бийиктиги 3 метрден ашып, пайдубалы жарым метрди түзөт. Айкелди орнотууга сарпталуучу каражат демилгечилер тарабынан марафондо чогултулган. Коомдук бирикменин айтымына караганда, чогултулган каражаттын суммасы 8 миллион сомду түзөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү