Ошто жаш кыз 25 күндөн бери дайынсыз болууда

Автор -

Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы тарабынан 21 жаштагы Айтурган Омурбекова изделет. Ал 5-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

«Ош шаарынын 1999-жылы туулган Омурбекова Айтурган Омурбековна аттуу тургуну 5-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайра келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн», — деп айтылат.

Изделип жаткан жарандын белгилери: бою 160-165 сантиметр, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.

Милиция сүрөттөгү жарандын кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билгендер болсо төмөнкү номурларга байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш номурлары: 0551 040-202, 0707 040-202, 0556 566-184 же нөөмөт бөлүмгө 0312 266-261.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү