Ысык-Көл облусунун милициясы COVID-19дун курмандыктарын эскеришти (фото)

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коронавирус жана пневмония илдеттеринен каза болгон жарандардын элесин эскеришти.

Өздүк курамдын алдында сөз сүйлөгөн облустук милициянын башчысы Улан Асанбаев, Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештер каза тапканын, алардын ичинде жарандарыбыздын саламаттыгынын жана өмүрүнүн сакчысында турган дарыгерлер менен бирдикте милиция кызматкерлери да бар экенин билдирди. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.

Ысык-Көл ОИИБдин административдик имаратындын алдындагы кыргыз мамлекеттик туусу ылдый түшүрүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү