Сутка ичинде 1 052 бейтап айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1052 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алар төмөнкү аймактардан:
Бишкек – 393
Ош шаары – 136
Чүй облусу – 87
Ош облусу – 84
Талас облусу – 63
Нарын облусу – 33
Ысык-Көл облусу – 75
Жалал-Абад облусу – 103
Баткен облусу – 78

Ушуну менен март айынан августка чейин оорудан 25 миң 526 адам айыгып чыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү