Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик менен бирге бейтаптарды жаткырууга 29 миң 337 орун камдады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Анын ичинен:
- Госпитализациялык орундар – 15 339;
- Күндүзгү стационардык орундар – 14 231;
- Түнкү стационардык орундар – 417.
Оперативдик штабдын тапшырмасынын негизинде республиканын аймагындагы обсервациялык орундарды госпитализацияга даярдоо иштери жүргүзүлдү.