COVID-19: Бейтаптар үчүн 29,3 миң орун камдалды

Автор -

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү бийлик менен бирге бейтаптарды жаткырууга 29 миң 337 орун камдады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен:

  • Госпитализациялык орундар – 15 339;
  • Күндүзгү стационардык орундар – 14 231;
  • Түнкү стационардык орундар – 417.

Оперативдик штабдын тапшырмасынын негизинде республиканын аймагындагы обсервациялык орундарды госпитализацияга даярдоо иштери жүргүзүлдү.

Бөлүшүү