Президент иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Автор -

Президент Сооробай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарын улантууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 3-4-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.

Президент Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилеринин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү, мындан сырткары калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.

Бөлүшүү