Бир сутка ичинде коронавирус жана коронавирустук пневмониянын 412 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
- Бишкек — 114
- Ош – 43
- Чүй облусу – 37
- Ош облусу — 39
- Талас облусу – 17
- Нарын облусу – 21
- Ысык-Көл облусу –41
- Жалал-Абад облусу –70
- Баткен облусу — 30
Март айынан бери бардыгы болуп өлкөдө инфекция жуктурган 37 541 учур катталды. Бул бейтаптардын арасынан 28 723 адам айыгып чыкты.