Чек арадагы чыр: Тажикстан тараптан атылган ок кыргыз аскерине тийди

Автор -

Бүгүн, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында кайра чыр чыгып, курал колдонулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш жергесинде Тажикстан тараптан белгисиз жарандар кыргыз аскер кызматкерин карай болжол менен мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Ок чек арачынын колун көзөп кеткен.

«Жабырлануучуга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы  канааттандырарлык. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат. 6-август, саат 10:00гө карай чек ара тилкесиндеги абал туруктуу», -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү