«Семетей» госпиталында бүгүнкү күнгө карата 605 бош орун бар

Автор -

«Семетей» госпиталында бүгүнкү күнгө карата 605 бош орун бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев маалымдады.

Учурда ал жерде 33 бейтап дарыланып жатат, калган 567 орун бош турат. Ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү 50 орундуктун он экисинде оор абалдагы бейтаптар дарыланып жатат, калган 38 орундук бош. Жалпысынан 605 бош орун бар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү