Сутка ичинде 39 медкызматкер айыгып, отуз жетиси оору жуктуруп алды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 37 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

• Ош ш. – 13
• Жалал-Абад облусунда – 13
• Ош облусунда – 2
• Баткен облусунда – 6
• Ысык-Көл облусунда – 2
• Нарын облусунда – 1

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан, дагы 34 медкызматкер үй карантинден айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2911 учур катталды, алардын ичинен 1973 медкызматкер айыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү