Ысык-Көлдүктөргө башка облустарга каттоого уруксат берилди

Автор -

Ысык-Көл облусунда аймактар жана райондор аралык каттамдарга уруксат берилип, аймакка кире бериштеги эки пост алынды. Мындай чечим облустук штабдын жыйынында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, уруксат берүу менен бирге айдоочуларга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания ээлерине жоопкерчилик жүктөлөт.

«Райондор жана региондор аралык жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат берилет. Бирок бет кап тагынуу режимин, санитардык нормаларды сактабаса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт», — деп баса белгиледи өкүл.

Ал эми Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик постторунун алынышы менен ал жакта иштеп жаткан медиктер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз иш ордуларына кайтышат. Алар буга чейин кезек менен посттордо нөөмөттө туруп келишкен.

«Эгер постторду иштетүүгө муктаждык болсо, бизде тиешелүү алгоритм бар», — дейт Түлөбаев.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, жайдын ортосунда Ысык-Көл облусуна эс алууга баргандардын саны кескин көбөйдү. Июнь айында облуска 3 миңге жакын эс алуучу барса, июлдун 20 күнүндө эле эс алуучулардын саны 10 миңге жеткен.

Ушул күндөрү Жалал-Абад облусунда, Ош шаары, Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон сакталууда.