Кочкордо аялын сабап өлтүргөн жаран 10 жылга абакка кесилди

Автор -

Нарын облусунун Кочкор районунда аялын сабап өлтүргөн жаранга чыккан өкүм күчүндө калды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-майда Кочкор райондук соту 110 миң сом айып салуу менен айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыраткан.

«Айыпталуучу тарап буга макул болбой апелляциялык арыз менен Нарын облустук сотуна кайрылган. Ал эми 4-августа Нарын облустук соту Кочкор райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды», — деп билдиоишти мекемеден.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын алгачкы күндөрүндө Кочкордо 37 жаштагы келин күйөөсү колдуу болуп каза тапканы дуу дей түшкөн. Шектүү Жаңы жыл түнү келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жибергендигин моюнга алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү