Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде кечээ, 6-августта, кечке маал экинчи ирет ок атылды.
«Марал» радиосу билдиргендей, окуя Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында болгон. Р.М. аттуу 65 жаштагы кыргыз жараны өзүнүн үлүш тилкесинде иштеп жүргөн жеринен Тажикстан тараптан белгисиз адам аны карай ок аткан.
Кыргызстандык оң желкесинен жана оң жак жамбашынан жараат алып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.
Учурда Баткен облустук милициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-август күнү, таңкы менен саат 05:30дар чамасында Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде да Тажикстан тараптан белгисиз адамдар мергенчилик куралдан кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарышкан. Анда чек ара отрядынын аскер кызматкерине ок тийип, облустук биргелешкен ооруканага жеткирилген.
Бул фактылар Баткен РИИБнин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда кыргыз-тажик участкасындагы мамлекеттик чек арада абал туруктуу.