Балбан Муслим Евлоев Ингушетияда согушкер катары өлтүрүлдү

Автор -

Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, Кыргызстан үчүн ойногон Муслим Евлоев атайын операция учурунда Ингушетияда согушкер катары өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине көмүскөдөгү бандиттик топтун мүчөсү үйлөрдүн биринде жашынып жатышы ыктымалдыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшөт. Назрандагы темир жол станциясынын аймагындагы үйлөрдү текшерүү учурунда атышуу орун алат. Согушкер катуу жаракат алган.

Кийинчерээк Назрандагы (Ингушетия) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөсүнүн ким экени белгилүү болот.

Эскерте кетсек, Евлоев 2015-жылдан бери Кыргызстан үчүн ойноп, Азия чемпионатында алтын медаль алып келген.

Ошондой эле Бакуда өткөн Ислам тилектештик оюндарында жеңишке жеткен. Мындан тышкары ал Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү