Россияда бажы кызматкерине пара берген кыргызстандыкка иш козголду

Автор -

Россиянын Новосибирск облусунда Кыргызстан жараны курулуш жыгачтарын мыйзамсыз алып өтүү үчүн бажычыга акча сунуштаган. Ага карата кылмыш иши козголду, деп жазышты орусиялык ЖМКлар.

— Алдын ала такталгандай, 2020-жылдын 22-июлунда шектүү Новосибирск аймагында туруп, Бажы кызматынын кызматкерине мыйзамсыз ишти анын пайдасына чечип берүүсү үчүн 150 000 рубль сунуштаган. Тактап айтканда, таанышынан алынып коюлган карагайдын партиясын ага алып берүүсүн суранган. Аларды Кыргызстанга жөнөтүүнү көздөгөн, — деп билдиришти тергөө башкармалыгынан. 

Кыргызстандык пара бергенден кийин колго түшүрүлдү. Сот аны тергөө иштери аяктагыча үй камагына алуу чечимин чыгарды.