Беларуста улуттук экзит-полдун жыйынтыгы учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңгенин көрсөтүүдө. Бул тууралуу 9-августтун кечинде мамлекеттик «Беларус 1» телеканалы кабарлады.
Добушканадан чыккандарды сурамжылоо менен түзүлгөн жыйынтыкка ылайык, Лукашенко 79,7%, ал эми Светлана Тихановская 6,8% добуш алышкан. Ал эми калган үч талапкер биригип 4% көбүрөөк добуш жыйнашкан. Баарына каршы болгондор 9,2% түзгөн.
Жергиликтүү убакыт боюнча 18:00гө карата добуш бергендер 79% болгон.
Экзит-пол өлкө боюнча 320 тилкеде жүргүзүлүп, добуш берип чыккандар сурамжылоого анонимдүү түрдө катышып, кимди шайлаганын айтып беришкен.
Ал эми алдын ала маалымат боюнча чет өлкөлөрдөгү жарандардын 71% Тихановскаяга добуш беришкенин «Азаттыктын» беларус кызматы жазды.
Эскерте кетсек, кечээ аталган өлкөдө президенттик шайлоо өттү. Беларусияда мамлекет башчысы 5 жылдык мөөнөткө шайланат.