Бүгүн, 10-августта, Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 11:10го белгиленген онлайн маалымат жыйыны белгисиз себептерден улам болгон жок. Коронавирус илдети боюнча сутка ичиндеги статистиканы мурда айтылгандай Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эмес, Республикалык штаб жарыялады.
Штаб тараткан маалыматка ылайык, 10-августка карата өлкө аймагында коронавирус жана коронавирустук пневмония менен 258 жаңы учур катталды:
Бишкек — 84
Ош – 24
Чүй облусу – 17
Ош облусу — 25
Талас облусу – 5
Нарын облусу – 10
Ысык-Көл облусу – 21
Жалал-Абад облусу – 37
Баткен облусу — 35
Коронавирус илдети Кыргызстанга келгенден бери өлкөдө бул ооруну 40 177 адам жуктуруп алганы расмий тастыкталды. Оорудан 1474 адам каза тапты. 32 229 адам айыгып чыкты.