Бир нече кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Өзбекстан жараны өлкө аймагынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2020-жылдын 8-августунда УКМК кызматкерлери 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган А.Б. аттуу Өзбекистандын жаранын кармашкан.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат.