Акыркы суткада Казакстанда 741 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү ыкчам штабы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 340 адамда оорунун клиникалык белгилери жок. Баарынан көп бейтаптар Нур-Султан (163 адам) жана Алматы (132) шаарында катталган.
Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 99 миң 442 адамга жетти.