Ысык-Көл райакими кызматтан кетүү арызын жазды

Автор -

Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы Данир Иманалиев бүгүн өз каалоосу менен кызматынан кетүү арызын берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Иманалиев бул кызматка төрт жыл мурда жергиликтүү кеңештин тандоосу менен келген.

«Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым.
Эл үчүн жасалуучу иштер дагы да бар. Эми аларды жасоону башкаларга берели. Жаңыча көз-караш, жаңыча ой жүгүртүү менен, калк үчүн кызмат кылууга даяр болгон инсандарыбыз арбын! Биз аларга өз мүмкүнчүлүгүн сынап көрүүгө жол беришибиз керек деп ойлойм!» — деп жазат экс-аким.

Данир Иманалиев кызматтан кетүүсүнүн так себебин көрсөткөн эмес.