КР аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жактар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Алгоритмдер жарандуулугуна карабастан, өлкөгө кирген-чыккан бардык жүргунчүлөргө тиешелүү болот.
Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн иштелип чыккан алгоритмдер:
- Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
- Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү;
- Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;
- Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
- Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.
Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, КР аймагына эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында келишкендер:
- Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт ;
- Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүү, ооруканага жаткыруу;
- Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
- ПЦР анализдери терс чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.
- КР Өкмөтүнүн 09.06.2020-жылдагы № 210-б Буйрук берүүсүнө ылайык, чет өлкөлүк жарандардын/жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүлөрүн уюштуруу шарттары, ПЦР-анализден өтүүлөрү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.
КР аймагына автоунаа менен келген жактар:
- Беткап режимин катуу сактоолору керек;
- Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
- Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу,
- Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.