Жүргүнчү коронавируска шектелсе, жанындагылар обсервацияга алынат. Жаңы алгоритм

Автор -

КР аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жактар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алгоритмдер жарандуулугуна карабастан, өлкөгө кирген-чыккан бардык жүргунчүлөргө тиешелүү болот.

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү үчүн иштелип  чыккан алгоритмдер:

  • Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
  • Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү;
  • Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;
  • Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;
  • Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат. 

    Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, КР аймагына эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында келишкендер:

  • Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт ;
  • Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүү, ооруканага жаткыруу;
  • Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
  •  ПЦР анализдери терс чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.
  • КР Өкмөтүнүн 09.06.2020-жылдагы № 210-б Буйрук берүүсүнө ылайык, чет өлкөлүк жарандардын/жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүлөрүн уюштуруу шарттары, ПЦР-анализден өтүүлөрү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

    КР аймагына автоунаа менен келген жактар:

  • Беткап режимин катуу сактоолору керек;
  • Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
  • Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу,
  • Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.
Бөлүшүү