Бишкекте коронавирус жуктурган 104 учур катталды, жалпы — 278

Автор -

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусунун 278 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде кабарлады.

Анын ичинде, Бишкек шаарында 104 жаңы учур катталды, Ош шаары — 19, Чүй облусу – 21, Ош облусу — 34, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 17, Жалал-Абад облусу – 40, Баткен облусу — 27.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 40 миң 455 адамга жетти. Алардын 32 миң 764ү сакайып чыгып, 1478 адам каза болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү