Германия Кыргызстан түрмөлөрүнө дээрлик 40 миң еврого көмөк көрсөттү

Автор -
COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстанды колдоонун алкагында, Германия
Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылуучу BACKUP Health саламаттык сактоо глобалдык программасы өлкө түрмөлөрүнө көмөк көрсөттү.
Профилактиканы жакшыртууга жана инфекцияны контролдоого жардамдашуу максатында 7 миң камалуучусу жана 4000 түрмө кызматкери бар Кыргызстандын 11 түрмөсүнө Германия 20 тонна гигиеналык предметтерди берди:
  • 11 000 куту тазалоочу каражаттар;
  • 33 000 даана самын;
  • 4000 куту кол кап.

Жардамдын жалпы наркы 39 350 евро турат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү