Тажикстанда курулуш краны кулап, бир киши каза тапты

Автор -

Дүйшөмбүдө курулуш краны кулап, 22 жаштагы куруучу каза болуп, дагы бир адам оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитети билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Умеда Юсуфинин айтымында, кырсык шаардын Сурхоб көчөсүндө 8-август күнү кечкурун болгон. Анда «Хиштрез» компаниясына таандык 35 метрлик кран жакын жайгашкан үйлөргө кулап, чатырларын жарым-жартылай зыянга учураткан. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Ушу тапта келтирилген чыгым эсептелүүдө.

2019-жылы майда 30 метрлик кран Дүйшөмбүдөгү «Корвон» базарынын аймагына кулап, курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн бир нече батирин бузуп кеткен. Анда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания батир ээлерине компенсация төлөп берүүнү убада кылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү