Акыркы суткада коронавирус 304 адамдан табылды

Автор -

Бир сутка ичинде коронавирус жана коронавирустук пневмониянын 304 учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы учурлар төмөнкү аймактардан:

  • Бишкек — 88;
  • Ош – 21;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу — 42;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 28;
  • Баткен облусу — 43.

Бардыгы болуп 40 759 адам илдет жуктурду. Анын 33 миңдейи айыгып чыкты. Март айынан бери 1484 адам каза тапты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү