Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 263 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бейтаптар төмөнкү аймактардан:
Бишкек – 14
Чүй облусу – 28
Ош облусу – 63
Талас облусу – 26
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 55
Жалал-Абад облусу – 32
Баткен облусу – 13
Ош шаары – 24
Март айынан бери бул илдеттен айыгып чыккандардын саны 33 миң 27 адамга жетти.